Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөн "Карек" кинофестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара эртең, 15-ноябрда өтөт. Бул иш-чарада жаш режиссёрлордун тандалып алган 15 тасмасы көрсөтүлөт. Ошондой эле төмөндөгү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:
- "Мыкты оюн тасма"
- "Мыкты анимациялык тасма"
- "Мыкты даректүү тасма"
- "Мыкты режиссёр"
- "Мыкты сценарист"
- "Мыкты монтажёр"
- "Мыкты оператор"
- "Мыкты актёр"
- "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы".
Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестивалдар балдардын киноискусствосуна болгон кызыгуусун арттырып, тажрыйба топтоого жана алдыга умтулууга өбөлгө болот.