Футбол боюнча Италия курама командасы Орусияда 2018-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катыша албайт. Дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомону камсыздоочу беттеште Италия курамасы Швеция курамасына жеӊишти тарттырып жиберди.
Эки команданын ортосундагы жооптук оюн 13-ноябрда өтүп, 0:0 эсебинде аяктады. 10-ноябрда өткөн биринчи беттеште 1:0 эсебинде Швеция командасы жеӊишке жетишкен. Ошентип дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон Италия курамасы 1958-жылдан бери биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо ута албай калды.
Швецияга утулгандан кийин "Ювентустун" дарбазачысы Жанлуиджи Буффон Италия курамасында карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. Көзүнө жаш алган Буффон: "Италия курамасынан кетип жатам. Команданы жаштарга калтырам", - деди.
Дүйнө чемпиондугу 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 оюн талаасында өтмөкчү.