Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчу Антонина Шевченко Дубайда 22-декабрда өтө турган эрежесиз уруш боюнча "Phoenix 4 Dubai" аттуу мелдешке катышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мелдештин алкагында бокс, тай бокс жана ММАнын эрежесинде беттештер өткөрүлөт. Антонина Шевченко 61,2 килограммга чейинки жеңил салмак ченинде, ММАнын эрежеси боюнча франциялык Валери Домергу менен беттешет. Антонина Шевченко үчүн бул ММАнын эрежеси боюнча 3-болмокчу. Ал эми Валери Домергу буга чейин Франция, Бельгия, Швейцария, Украина жана Улуу Британиянын аймагында 7 жолу профессионалдык беттешке катышкан.
Эске салсак, Антонина Шевченко сентябрь айында Лондон шаарында өткөн эл аралык "Phoenix 3" мелдешинде голландиялык Анниса Хадау менен мушташып, аны жеңип алган.
Маалымдай кетсек, Антонина Шевченко тай бокстун эрежеси боюнча "Phoenix Fighting Championship" версиясынын чемпиондук курунун ээси.