Актан Рыскелдиев: "2 бала төрөп, кийимимди жууп, тамагымды даярдаган аялымды эл алдында эркелеткенден уялбайм"

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын түз эфиринде "тамашоучу", актёр жана шоумен Актан Рыскелдиевдин маеги башталат. "Позитифф" командасынын башчысы, "Эл эмне дейт?" долбоорунун башкы каарманы, сценарий жазуучусу жана операторлук өнөрдүн ээсине бергиңиз келген суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатып алыңыз.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:00 Актан Рыскелдиевдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды, актёр алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:05 Суроо: "Аракеч, көчөдө калган адамдардын ролун көп аткарасың. Мындай образды аткаруу кыйын эмеспи?"

"Чынын айтсам берилген ролдун баарын эле аткара берем. Аракечтин ролун аткаруу, албетте, аябай кыйын. Өзүм бир да жолу ичип көрбөсөм, анан образга кирүүнү элестетсеңиз", - деди Рыскелдиев.

15:10 Социалдык тармактардагы жеке баракчалары жана ага катталган күйөрмандары тууралуу: "Ар бир окурман мага убакыт бөлүп катталып, билдирүү калтырып, суроо узатып жатышкан соң алардын ар бирине жооп берип турам. Учурда интернетке күнүнө 24 саат коротом".

15:15 Суроо: "Интернеттеги жеке баракчаңдан аялыңды мактап, эркелете бересиң. Эл сени "подкаблучник" деп ойлоп калат деп ойлойсуңбу?

"Ойлосо ойлой беришсин, эң негизгиси мага 2 бала төрөп берип, тамагымды даярдап, кийимимди тазалап жаткан аялымды эл алдында эркелеткенден уялбайм", - деди ал.

15:18 Окурмандын, "Гүлжигит Калыков менен базарда куту терип иштеген учуруң болду беле?" - деген суроосуна "Гүлжигит менен эмес, бирок бөлөлөрү менен андай жумуштардын далайын кылганбыз. Мисалы, базарда араба түртүп, куту топтоп, баштык сатып иштегем", - дейт актёр.

15:23 "Унаа айдоого кызыкпайм, мен коомдук унаа менен жүрөм. Жакында бир унаа алганбыз, аны жубайым айдайт. Менин айдоочулук күбөлүгүм жок", - дейт Актан Рыскелдиев.

15:25 Окурмандын суроосу боюнча жакында эл алдына алып чыга турган чыгармасын аткарып берди.

15:28 "Мен ачык мүнөзмүн. Бирок саясат жана аял менен күйөөнүн ортосундагы мамилелер тууралуу кеп козгоону каалабайм. Булар мен үчүн жабык тема", - дейт ал.

15:30 Үй-бүлөсү жөнүндө айтып жатып, дайыма жубайына кол кабыш кыларын, эркекмин деп эле эч нерсе кылбай отуруп албастан, тамак жасап, бала карай турганын айтты.

15:35 Кийим тандоо боюнча суроого "мен жөнөкөй, "айылский" варианттагы кийимдерди тандап алам. Жубайым "сен элдин алдына чыгасың" деп, заманбап кийимдерди тандап берет", - деп жооп берди.

15:40 "Мен бир канча жылдан бери SUPER.KG`нин активдүү колдонуучусумун. Ал гана эмес, "Суперстандын" аталышын да мен тандагам. Ырчы Алмаз Шаадаев экөөбүз ушул жактан чыккан балдарбыз. Азыр билдирүү калтырбаганым менен, жаңылыктын баарын ушул жактан окуп турам", - дейт "тамашоучу".

15:45 Актёр алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:48 "Актан, сиз түз эфирден эркелеп, жаш баладай отурасыз. Үйдө кандай атасыз?" - деген суроого, "Мен 2 баланын эле эмес, 9 баланын атасымын. "Позитиффтин" балдары үчүн да атамын. Азыр кандай болсом, аларга да ушундай мамиле жасайм. Баары мага эркелейт. Кээде гана ачуум келгенде токтоо болуп калам", - деп жооп берди.

15:55 Окурмандын "Жубайыңыздын улуту өзбек экенин билебиз. Каршы болгондор болгон эмеспи?" деген суроосуна, "Анын улуту өзбек болгону менен, жүрөгү кыргыз. Ата-энелерибиз каршы болушкан эмес. Бирок "үйлөнбө" деп айныткандар көп болгон", - деп жооп берди.

16:00 Актан Рыскелдиевдин SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду
Актан Рыскелдиев: "Эркек аялын күн сайын эркелетип, “подкаблучник” болуп туруш керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
meerim01
2017-11-15 15:02:30
Админ ю.ту.бдан туз ефир жокко
+1
admin_superstan
2017-11-15 15:08:06
meerim01, саламатсызбы! Ушул жерден көрсөңүз болот. http://www.super.kg/supertv/
+1
Sagyn.91
2017-11-15 15:56:15
Уй булонун ажырашуулары эмне себептен кобойуп жатат.? Дегеле, жоопкерчилик дегенди кантип уйрото алабыз. Канткенде алдын алабыз?
+1
Djal1987
2017-11-15 16:17:54
Кыргыздын жигиттеринин баары аялдарын сыйласа жашоо 99%ке женилдемек
+2
Elitta
2017-11-15 16:20:15
Наркы алыпбаруучу жоКко Максат беле Кече тойдо болуп башы ооруп жатканго чамасы)
+3
bekub1473kg
2017-11-15 17:13:31
Ушул баланы аялын сыйлаган учун каттуу сыйлап калдым аялын жакшы караса энесин жакшы караса анда мыкты жигит экен ошол учун ийгилик эшиктери ачык ар дайым
+5
marmiladka9
2017-11-15 18:32:20
аялынды сыйлагандан жазба
+2
bosmos77777
2017-11-16 00:32:43
Ушул менен ырчы Искеналиев дегендин.Суротун эле корсок. Озунчо башка жакшылыктуу баракчаны карагын келет.
-3
real8585
2017-11-16 08:16:36
Ийгилик калайбыз, уй-булон менен аман эсен бол. Аялынды сыйлаганын уй булонду сыйлаганын.
0
MKW.MYRZAiYM
2017-11-16 09:57:44
Актан, ишинизге ийгилик, уй-булонузго бакыт каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан