Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайнене менен келиндин жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, денелер 14-ноябрда саат 11:00дөр чамасында табылган.
"Үйдүн ичи бүт кан болуп калган, кайненеси менен келини алган жаракатынан улам каза болгон. Каза болгон аялдын 26 жаштагы кызы учурда оор жаракат алып, ооруканада комада жатат. Үйдө үчөө эле болгон экен, ага байланыштуу окуянын кандай болгону тууралуу маалымат жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары аталган окуя боюнча 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.