Бүгүн, 15-ноябрда Австралиянын Сидней шаарында Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн Австралия-Гондурас беттеши өттү.
"ANZ Stadium" стадионунда өткөн беттеш, 3:1 эсебинде Австралиянын жеңиши менен аяктады. Эсеп саны 53-мүнөттө гана ачылды, анда Австралия курамасынын капитаны Майл Единактын айып соккудан узаткан тобу коргоочуга тийип өтүп дарбазага кирди. 72-мүнөттө Гондурастын коргоочулары айып аянтчасынан эреже бузуп, натыйжада Австралия курамасы пенальти аткарганга мүмкүнчүлүк алды. Анда Майл Единак узаткан соккусу дарбазага кирип эсеп саны 2:0 болду. 85-мүнөттө Австралия курама командасы кайрадан пенальти тебүү мүмкүнчүлүгүн алды. Топко кайрадан Майл Единак ээ болуп, узаткан соккусун дарбазачы тосо алган жок. Эсеп саны 3:0. Гондурас командасы гол киргизгенге шашылып 90-мүнөттө Альберт Элистин күчү менен эсепти 3:1 кылды.
Муну менен Австралия курама командасы 2018-жылы Орусиянын 11 шаарында өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алган 31 курама команданын катарына кирди.
Учурда чемпиондукка Дүйнөнүн 5 континентинен 31 курама команда жолдомо алды. Акыркы 32-болуп ким жолдомо алары эртең, 16-ноябрда белгилүү болот. Анда Жаңы Зеландия менен Перунун курама командалары беттешет.
Европа аймагынан: Орусия, Германия, Испания, Англия, Бельгия, Исландия, Сербия, Польша, Франция, Португалия, Швейцария, Хорватия, Швеция жана Дания курама командалары.
Түштүк Америкадан: Бразилия, Уругвай, Аргентина жана Колумбия курама командалары.
Азиядан: Япония, Иран, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы жана Австралия курама командалары.
Африкадан: Нигерия, Египет, Сенегал, Тунис жана Марокко курама командалары;
Түндүк жана Борбор Америкадан: Мексика, Коста-Рика жана Панама курама командалары.