Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде 19-ноябрда Эл аралык жарым марафон старт алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында 21 чакырым 97 метр, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыктагы жарыштар орун алат. Жарым марафонго 18 жаштан жогорку каалоочулар катыша алышат. 10 чакырым аралыктагы жарышка 16 жаштан жогорку каалоочулар катышса болот. Ал эми 3 чакырым аралыктагы жарышка жаш өзгөчөлүгү боюнча чектөө жок, ага бардык каалоочулар катыша алышат.
Жалпы байге фонду 504 миң сомду түзөт.
Жарым марафондун байгеси (эркектер жана кыз-келиндер):
1-орун: 100 миң сом;
2-орун: 70 миң сом;
3-орун: 50 миң сом.
10 чакырым аралыктагы жарыштын байгеси:
1-орун: 15 миң сом;
2-орун: 10 миң сом;
3-орун: 7 миң сом.
Финишке жеткен ар бир катышуучу медаль менен сыйланып, көрсөткөн жыйынтыгы боюнча электрондук сертификат алат.