Жабырлануучу учурда №4 Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда. Анын жаагы менен колу сынган. 22 жаштагы жабырлануучу кыз: “Курбум жигитин менден кызганып түртүп жиберди. Ошол убак коркунучтуу кинодон айырмасы жок болчу. Кулагандан кийин сүйрөп үйгө алып келишти. Алардан качып чыкпасам, мүмкүн, мени кескилеп таштандыга ыргытып салышмак”,- деп окуянын чоо-жайын айтып берди.
4-кабаттан кулап, андан кийин түртүп жиберген курбусунан таяк жеп, бактыга жараша, качып кетип аман калган кыздын баянын "Супер-Инфонун” жаңы санынан (№785, 17-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.