ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Америкалык продюсер үчүн жолдошун таштап кеткен француз актрисасы Софи Марсо 51 жашка толду

Француздардын белгилүү актрисасы, режиссёр жана ырчысы Софи Марсо "Бум", "Маркиза", "Ушул кечте", "Чоң кичинекей мен" жана башка тасмалар аркылуу таанымал. Ал 1966-жылы 17-ноябрда Парижде жарык дүйнөгө келген.

1980-жылдардан тарта модель болууга кызыгып, Франциядагы моделдик агенттиктердин бирине кирген. Ошол эле жылы өлкөдөгү режиссёрлордун бири "Бум" аталышындагы комедиялык тасмага ылайыктуу кыз издеп, аталган агенттикке келген. Ал жактан Софинин талантын байкап, фильмге дал ушул кызды тартууну чечет. Жыйынтыгында тасма болуп көрбөгөндөй популярдуу болуп, Софи Марсону актриса катары таанытат. Арадан көп өтпөй "Бум 2" деген аталыш менен кинонун экинчи бөлүгү жарык көргөн.

1985-жылдан тарта ырчылыкка киришип, өзүнүн биринчи жана акыркы альбомун чыгарган. Чынында анын аткаруусундагы ырларды угуу Софинин күйөрмандары үчүн кызык болгону менен, чыгарган альбому ийгилик жарата алган эмес.

Софи Марсо косметика жана зер буюмдардын жарнамаларына да тартылып келет. 2015-жылы Канн фестивалынын негизги сынагында калыстар тобунун катарын толуктаган.

Актриса өзүнөн 26 жашка улуу поляк режиссёру Анжей Жулавскийге турмушка чыгып, 1 уулдуу болгон. Бирок көп өтпөй америкалык продюсер Жим Лемли менен таанышып калып, ал үчүн жолдошун таштап кеткен. 2002-жылы Лемлиден боюна бүтүп, кыздуу болгон. Ал эми 2007-жылдан тарта Кристофер Ламберт аттуу мырза менен жарандык никеде жашап, 2014-жылы аны менен мамилеси үзүлгөнүн жарыялаган.

Софи Марсо өзү жөнүндө китеп жазып, анда сүйүү жана сүйүктүүлөрү тууралуу ачык-айкын айткан.

"Өтө эрте башталган интимдик байланыш мени абдан алсыз кылып койду. Бардык романдарым кейиштүү аяктады. Бир гана Анжей мага тынчтыкты жана тасмадагы мыкты ролдорду тартуулай алды", - деген ал.

Азыркы учурда кинодон сырткары театрда эмгектенип, сүйүктүү жазуучуларынын сүрөттөрүн тартууну жактырат. Сууда мыкты сүзөт, жаратылышты коргоо боюнча мекемелер менен тыгыз байланыш түзүп, колдон келген жардамын аябайт.

17-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан