Бүгүн, 17-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эстрада жылдызы Нурмат Садыровдун студенттер күнүнө арналган жеке концерти болуп өттү.
Саат 18:30га белгиленген концерт 19:30да башталып, 2 сааттан ашуун убакытка созулду. Концертти Нурмат Садыров "Мугалим эже" аталышындагы ыры менен ачып, жалпы студенттерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап өттү. Андан соң репертуарындагы ырларын катары менен аткарып, күйөрмандарынын кол чабууларына арзып жатты. Анын сүйүү тууралуу аткарган ырлары калың элди ойго салса, "Торгоюм", "Кыргыз кыздары" аталышындагы чыгармалары залды шаңга бөлөдү.
Сахнадан катыра бийлеп, эл аралап көрөрмандар менен бирге ырдаган ырчыны сахналаш достору Нурлан Насип, Баястан, "Ак өргө сити" командасы жана башкалар куттуктап келишсе, алып баруучулук милдетти Азамат Исмаилов өз моюнуна алган.
Нурмат Садыровдун жеке концерти тууралуу видеорепортажды жакында SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.