Америкалык Эмили Мюллер 3 баланын энеси. Ал бала тарбиялоо менен катар эле чарба жумуштарын алып кетүүнү максат кылып аары багып, бал өндүрүп каражат табат. Мындай ыкма менен үй-бүлөнүн керектөөлөрүн камсыздаганга 2 баласын төрөгөндөн кийин өткөн. Анткени ага чейин аз айлык акы алып иштеген.
Бара-бара аары чарбасы тууралуу кенен билим алып, бул тармакты жакшылап өздөштүргөн. Барган сайын аарыларга, чарбасына болгон сүйүүсү күчөгөн. 4-баласы курсагында жүргөндө кош бойлуу аялдын бул жумуш менен алектенгендигин чагылдыруу максатында аарылар менен фотосессия өткөргөн.
Бул сүрөттөрү интернетке жарыялангандан кийин анын дарегине негизинен терс пикирлер айтылган. Көптөгөн колдонуучулар Эмили Мюллерди "Жоопкерчиликсиз эне, өзү эле эмес баласы менен чоң тобокелчиликке барган. Балага сөзсүз зыяны тиет" деген тариздеги билдирүүлөрдү калтырышкан.
Ал эми Мюллер мындай сүрөт кандай жол менен тартылганын түшүндүрүп берген. Айтымында, көйнөктүн ичинен курсагын таңып алган жана көйнөктүн узундугу да бутун жаап тургандыктан коркунуч жаралган эмес. Ал эми аарылар бир жерге кантип топтолгонун Мюллер мындайча түшүндүргөн: "Мен эне аарыны алып, курсагыма койдум. Ага калган аарылардын баары үйүлүп келишти. Бул кезде биз фотосессия жүргүзүүгө үлгүрдүк", - деген ал. Фотосессия ушул жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн.
Жакында эле балчы аял көз жарганын, бирок баласы жансыз төрөлгөнүн интернеттеги баракчасына жазган. Ал азырынча ымыркайдын өлүмүнүн себебин дарыгерлер аныктай электигин билдирген.
"Мен бардык аялдарга, болочок энелерге өзүңөргө аяр мамиле жасагыла деп айткым келип, бул кейиштүү окуямды жаздым. Эмгекчил болгон жакшы, бирок аял жана анын баласынын саламаттыгы бекем болушу үчүн ден соолук башкы орунда", - деген ал.