Скриптонит каймана аты менен таанымал казакстандык рэпер Адил Жалелов күйөрманын концерт учурунда сөгүп салган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя Казань шаарында өтүп жаткан концерт учурунда катталган. Анда көрүүчүлөрдүн биринин ден соолугу начарлап, ырчы ага суу берип жаткан. Ошол учурда залдагы күйөрмандарынын бири анын бут кийиминин байлоосун чечүүгө аракет кылган. Анын бул кылыгы Скриптониттин ачуусуна тийип, ырчы күйөрманына катуу кыйкырып, ал гана эмес жаман сөздөр менен сөгүп да жиберген.
"Ушундай акыл-эси кемдерди жаман көрөм" деп кыйкырган ырчы күзөтчүлөрдөн аталган күйөрманын залдан чыгарып салууну суранган.
Белгилей кетсек, ырчынын башынан мындай окуя экинчи ирет өтүүдө. Буга чейин анын концертинде көрөрмандардын бири эс-учун жоготуп койгон. Аны көргөн залдагы күйөрмандарынын бири катуу каткырык менен күлгөндүктөн, ырчы анын залдан чыгып кетүүсүн талап кылган.