Бишкекке биринчи жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогу алынып келет

Бишкекке биринчи жолу трофи-турдун алкагында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогу алынып келет. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын сценарийи иштелип жатат, кубоктун Бишкекке кайсы күнү алынып келери азырынча белгисиз.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогунун трофи-туру 9-сентябрь күнү Москвада старт алган. Турдун алкагында трофей 50дөн ашык өлкөнү кыдырат. 2018-жылдын май айында кубок Орусияга алып келинип, трофи-тур дүйнө чемпионаты башталарга жакын Москвада жыйынтыкталат.
Салмагы 6,142 килограммды түзгөн кубокту бир гана Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү жана өлкө башчылары кармай алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
TalaCSKA
2017-11-22 11:58:05
Уурдатып албагыла ))
+6
Dembele84
2017-11-22 12:07:26
TalaCSKA,Биздикилер конституцияны карап отуруп уурдаткандан кийин,кубокту уурдап кетсе да корбодум,билбедим деп отура берет )))
+5
TalaCSKA
2017-11-22 12:26:11
Dembele84,кырсыктарга себепкер болуп жатат деп Баткенге алып барып комуп салышпасын.
+3
Nurdinur
2017-11-22 12:26:01
Ооо жакшы жанылык
+1
islamik
2017-11-22 12:31:52
Соке кармайткенда
0
MAN-CITY
2017-11-22 12:43:26
Бул кубоктун Бишкеке алынып келиши биздин жаш оспурум футболчуларыбызга мотивация пайда болушуна себеп болушу керек.
+2
pyeon hwa
2017-11-22 14:19:02
Монгуго алмашып салбаса болду
0
nursultanbek
2017-11-22 14:46:34
pyeon hwa,монгудон айланмактугул салыштырыш бул адамгерчиликсизге жатат МОНГУ менен кубок ту салыштырыш болбойт акылсыз акмак экенсин
-2
pyeon hwa
2017-11-22 15:52:01
nursultanbek, сатып жаткан депутут акмак эмес мен акмакпы?) мен ошо сатып жаткандан кийин ушул ишке барбаса болду эми дегеним бийликти, кыйын болсон мага асылбай биликке асыл,мен сага окшогон карапайым жаранмын
+2
pyeon hwa
2017-11-22 15:54:18
nursultanbek, сенин жазганын депутаттарды колдогондой болуп калыптыр
+1
Beks.Kasymov
2017-11-22 15:12:09
жуксун жуксун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан