Бүгүн, 22-ноябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" скетч-шоу программаларын тарткан "1.1" студиясын маданиятка кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган студиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Асхат Табалдиев билдирди.
"Чынында биз үчүн абдан күтүүсүз болду. Президенттин колунан Ардак грамота алууну баары эле кыялданса керек. Биздин эмгегибиз текке кетпей, байкалып, бааланып жатканы да кубандырбай койбойт. Бул сыйлык биз үчүн чоң стимул болду, буюрса, алдыда дагы көптөгөн пландарды ишке ашырабыз", - дейт Табалдиев.