Майли Сайрус - америкалык ырчы жана актриса. Атактуулукка "Ханна Монтана" сериалында Ханна Монтана деген поп-жылдыз экенин жашырган Майли Стюарт аттуу окуучу кыздын ролу аркылуу жеткен.
Актриса 1992-жылы 23-ноябрда АКШда туулган. Чыныгы аты-жөнү - Дестини Хоуп Сайрус. Бирок ал дайыма жылмайып жүргөндүктөн жакындары "Смайли" ("жылмаюу", "жылмаюучу") деп атап коюшкан. Бара-бара Смайли аты кыскарып, Майли аталып калган. Мындан улам 2008-жылы документалдуу түрдө атын Майли Сайрус кылып өзгөрткөн.
8 жашынан тарта актриса болууга кызыгып, кыска метраждуу тасмаларга тартылып келген. Ал эми 2006-2010-жылдары тартылган "Ханна Монтана" сериалындагы ролу аны өспүрүм балдар-кыздардын кумирине айландырган. Ал гана эмес, "Forbes" журналынын тандоосу менен 16 жашка чейинки эң бай актрисалардын катарын толуктаган.
Сайрус тасмага тартылуу менен гана алектенбестен, бир канча чыгармаларды жаздырып, ырчы катары да тааныла баштаган. 2010-жылдын соңунда Түштүк Американы кыдырып концерт коюп, 26 миллион доллар киреше тапкан.
2008-жылдын август айынан тарта австралиялык актёр Лиам Хемсворт менен мамиле кура баштаса, 2013-жылы белгисиз себептерден улам мамилелерин үзүшкөн. Бирок былтыр, 2016-жылы кайрадан жарашканын айтышкан. Ал эми айрым маалымат булактарынын жазгандарына таянсак, жылдыздуу түгөйлөр ушул жылдын жаз айларында жашыруун түрдө баш кошушкан.
Майли Сайрус тууралуу кызыктуу фактылар:
23-ноябрдын жылнаамасы.