Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев өлкөнүн тоолуу аймактарында 2000 киловатт-саатка электр энергиясын жеңилдетилген баада берүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул маселе менен буга чейин да кайрылганын айтып, өкмөттүн өкүлүнө шарт койду.
"Тоолуу райондорго кыш мезгилинде жеңилдетилген шартта 2000 киловатт-саатка электр энергиясын берип койсок эч нерсе болбойт. Бул маселе менен кайрылганыма 6 ай болду, жооп боло элек. Тоолуу аймактарга 1000 киловатт-саат кошуп берип койсок 150 миллион сом кетет экен. Бизде ун магнаттары бир миллиард сомду жеп коюп жатат. Биз, депутаттар айтып жатабыз, жазып жатабыз. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү, Ашырбек Мойдунович, эгер бул маселени карап жазып бербесеңиз, мен сиз менен достуктан кечем. Үчүнчү жолу айтып жатам. Кат жазсаң да өкмөттөн пайдасы жок. Ат-Башы районунун бир канча айылдарында көмүр жок. Бөлүнгөн акчаны акимдер жана губернаторлор жеп коюшуптур деп жатышат. Ошондуктан укук коргоо органдары мунун баарын териштирип, элге маалымат бериши керек. Мага 30дан ашуун кат келди", - деди Жолдошбаев.