Эгер сиз Android операциялык системдүү мобилдик телефон колдонсоңуз, анда төмөнкү маалымат сиз үчүн. Сиз кайсы мобилдик оператордун кызматынан колдонбоңуз, мындай мобилдик телефондор сиздин жер үстүндөгү кыймылыңыз тууралуу маалыматтарды чогултуп, Google'га жиберип турат. Бул тууралуу Quartz маалымат каражаты жазды.
Колдонуучу өзү тууралуу маалыматтар Google'га мобилдик оператор аркылуу жетет деген ойдо SIM-картаны чыгарып коюшу мүмкүн. Бирок Google Android аркылуу анда деле маалыматтарды топтой алат. Quartz маалымат каражатынын журналисттери Google компаниясына жогорудагы маалыматты тастыктап берүүнү жана кошумча маалымат сурап кайрылышкан.
"Google өзүнүн колдонуучулары качан, кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтарды чындыгында чогултат. Компания керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын арттыруу үчүн Cell ID - ID аныктоочу идентификатору аркылуу маалымат топтойт. Бул нерсе жардам сураган колдонуучуларга текст түрүндөгү билдирүүлөрдү жөнөтүш үчүн керек. Бирок топтолгон маалыматтар базада сакталбайт. Мындай ыкма 2017-жылдын башынан бери колдонулуп келет", - деп жооп берген Google.
Ошондой эле колдонуучулар тууралуу маалыматтарды чогултууга Google ноябрь айынын аягына чейин чекит коёору белгилүү болду.