Жол кырсыктары айдоочулардын жол эрежелеринин билбегендигинен эмес, билип туруп эреже бузгандын айынан болууда деген пикирин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаментинин жетекчисинин орун басары Усейин Касмалиев билдирди. Ал бүгүн, 23-ноябрда өткөн жол коопсуздугу боюнча улуттук форумда буларга токтолду:
“Мисалы, биздин өлкө аймагында жол эрежесин бузуп айдаган айдоочулар коңшу өлкөлөргө барганда жол эрежесин кадимкидей сактап, ылдамдыкты азайтып айдап калышат. Демек, биздин өлкөдө жазанын жеңилдигинен же жоопкерчиликтин аздыгынан ушундай көрүнүш болот.
ИИМдин маалыматына таянсак, 100 пайыз жол кырсыгынын ичинен 1 же 2 эле пайыз жол кырсыгы айдоочулук тажрыйбасы аз айдоочулардын айынан болот. Ал эми калган 98 пайызы айдоочулук тажрыйбасы мол, көп жылдан бери унаа айдап жүргөн айдоочулардын айынан келип чыгат. Ушул жагын да ойлонушубуз керек.
“Айдоочулук күбөлүктөр сатылууда. Ошонун айынан жол кырсыктары көбөйдү”, - деген сөздөр айтылып келет. Чынын айтсам, айдоочулук күбөлүк сатылбайт деп айтыш кыйын. Анткени айдоочулук күбөлүктү жарандар мыйзам чегинде сатып алышат. Автомектептерге окутуу акысын төлөйт. Айдоочулук күбөлүктүн бланкы 12 евро турат, аны төлөшөт. Бирок окубай туруп 1 күндө сатып алат деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Балким, мурда ошентип сатылса керек, бирок бүгүнкү күндө биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаменти тарабынан автоматташтырылган маалыматтык систем киргизгенбиз. Ал аркылуу биз айдоочулук күбөлүктү 1 күндө сатып ала турган жолдордун баарын жаап салдык. Мисалга алсак, ал системге өлкөбүздөгү бардык автомектептер киргизилген. Айдоочулук күбөлүк алам деген киши милдеттүү түрдө автомектепте окуп, андан соң теоритикалык жана практикалык сынактарды тапшырып, андан соң гана айдоочулук күбөлүк ала алышат. Сынак тапшырып жатканда да ордуна башка адамдар тапшырбоосу үчүн 2 тараптан онлайн видеобайкоочу камераларга тартылып турат. Биринчиден, сынак учурунда эмнелерди белгилеп жаткандыгы, экинчиден, ким тапшырып жаткандыгы баары ошол камераларга тартылат. Мекеменин сайты аркылуу онлайн режимде ким кандай сынактарды тапшырып жаткандыгын каалаган адам көрсө болот”.