Дүйнө жүзүндөгү эң өзгөчө жерлердин бири болгон келемиштердин "Шри Карни Мата" ибадатканасы Индиянын Раджхастан штатынын Дешнок шаарында жайгашкан.
Бул ибадаткананын кире беришинде "Бул жай дүйнөнүн сегизинчи керемети болуп саналат" деген жазуу турат. Ал жердеги жазууларга караганда, келемиштер дүйнөдөгү эң акылдуу 10 жаныбардын тизмесине кирет.
Ибадаткананын экинчи аты "20 миң келемиштин ибадатканасы" деп аталат. Бирок бул жерде так канча келемиш бар экенин эч ким билбейт. Келемиштер байырлаган бул имараттын ичиндеги санитардык абал кубантарлык эмес. Мындан сырткары жагымсыз жыт ибадаткананын босогосун аттагандан тарта сезилет.
Ибадаткананын ачылганына 6 кылымдын жүзү болгон. Ал тууралуу айтылган уламыштар боюнча, каза болгон адамдар, экинчи өмүрүндө дүйнөгө келемиш болуп келишет.
Индиялыктардын ыйык жери болгон бул ибадаткананын ичине бут кийим менен кирүүгө болбойт, ал эми туристтерге байпакчан жүрүүгө уруксат берилген.
Келемиштер тамактанган идиштен даам татып калуу жергиликтүү зыяратчылар үчүн эң чоң кубаныч.
Ибадаткананын бардык жеринде келемиштер жүрөт, шыпта, жадакалса тосмолордо да.
Мында келгендер келемиштердин бирин басып же башка себептер менен өлтүрүп алса ошол келемиштин салмагына барабар болгон күмүш менен төлөп берүүгө милдеттендирилет.
Ибадатканада жайгашкан эң ыйык жерге индиялыктарды гана киргизишет. Ал жактагы атайын кызматкер келген зыяратчыларды текшерип, акы алып киргизет.
А бул суу түтүкчөсүндө асылып турган келемиштин уктап жатканын байкасак болот. Уктап жатканына карабастан тең салмактуулукту кармап жерге кулап түшпөйт.
Альбинос келемишти көрүү жергиликтүү жашоочулар жана сыйынып келгендердин ишениминде ийгиликтин, бакыттын белгиси болуп саналат.