ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыров бүгүн, 23-ноябрда Бишкекте өткөн жол коопсуздугу боюнча улуттук форумда жол кырсыктарынын себеби мас айдоочулардын айынан болуп жаткандыгын, борбор калаага айдоочулардын канчалык мас экендигин текшерүүчү медициналык лабораториядан дагы бирөө салынышы керектигин жана аларга жаза жеңил болуп жаткандыгын айтты.
Андан соң SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
“Жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себеби, биринчиден, жолдор эски салынган боюнча калды да, унаалардын саны көбөйдү. Экинчиден, айдоочулардын маданиятсыздыгы. Статистикалык изилдөөлөрдү жасап көрсөк көпчүлүк жол кырсыгына кабылган айдоочулар 30-35 жаш курактагылар экен. Ал куракта үй-жай күтүп, колунда бар болуп көөп калышат. Андан тышкары бизде коррупция деген көзгө көрүнбөгөн жаман нерсе бар. Таяке-жээндерине, тааныш-билиштерине телефон чалуу менен маселени чечем дегендер мас абалында унаа айдашып, алардын айынан жол кырсыктары катталууда.
Дагы бир көйгөй, Бишкек шаарында айдоочулардын мас же соо экендигин аныктоочу болгону бир гана медициналык лаборатория бар. Ал эми калкынын саны так эмес маалыматтар боюнча 1 миллиондон ашуун. Эми өзүңөр элестетип көргүлөчү, 1 наркологиялык борбор ошончо кишини тейлей алабы? Мындан тышкары райондордо да ушундай көйгөйлөр бар. Мисалы, наркологиялык лабораториялар райондун борборлорунда эле бар. Ал эми райондон 150 чакырым алыстыкта жайгашкан айылдардан кармалган мас айдоочуларды ал жакка алып барып текшергиче анын мастыгы кандайдыр бир деңгээлде тарап кетиши мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, видеобайкоочу камераларды эчак эле орнотуш керек болчу. Бул маселе канча жылдан бери сунушталып эле ишке ашпай келатат”.