“Ачкачылык оюндары” (“Голодные игры”), “Икс адамдары” (“Люди Икс”) тасмалары аркылуу таанылган Голливуд жылдызы, 27 жаштагы актриса Женнифер Лоуренс менен “Ной”, “Кара ак куу” (“Чёрный лебедь») тасмалары менен белгилүү болгон 48 жаштагы кинорежиссёр Даррен Аронофски эки ажырым жолго түштү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын маалыматына таянсак, түгөйлөр сүйүү мамилесин токтотушканы менен, ортодогу сый мамилени сактап калышкан. Женнифер менен Даррендин ортосунда махабат бир жыл мурун “Эне” (“Мама”) аттуу тасманы тартуу учурунда тутанган. Ал тасманын режиссёру Даррен болсо, башкы каармандын ролун Женнифер аткарган болчу. Ортодогу жаш айырмачылыктарына карабастан сүйүшкөндөр ошондон тарта Голливуддагы “таттуу түгөйлөр” болуп эсептелип келген.