Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тургундары Уланбек Калиев аттуу маркумдун сөөгүн айылдагы мүрзөгө коюуга каршы чыгышууда. Бул тууралуу маркум Калиевдин жездеси Эсентур Тентиев бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, кайниси христиан дининин баптизм агымын тутунуп келген.
"Кайним христиан дининин баптизм агымын тутунуп келген. Ал 23-ноябрда 48 жашында каза болуп калды. Бирок эл анын сөөгүн айылдагы мүрзөгө коюуга каршы чыгууда. Алар менен кошо келген молдо менен юрист да "эл каршы чыгып жатат, эл чечет деп" коюшту. Адамдар бөлүнбөшү керек, баарыбыз энеден төрөлгөнбүз", - деди Тентиев.
Тентиев бүгүн маркумдун сөөгү Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагындагы атайын баптисттер үчүн уюштурулган мүрзөгө коюла турганын кошумчалады.