Кечээ, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өттү.
Аземге 450 адам чакырылган. Иш-чарада экс-президент Роза Отунбаева көрүнгөн эмес. Президенттик аппараттан SUPER.KG порталына билдиргендей, Отунбаева салтанатка чакырылгандардын тизмесине кирген эмес. "Отунбаева Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземине чакырылган эмес. Унутулуп калыптыр", - деп жооп беришти.