Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаа оодарылып, 5 адам жабыркады

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында жол кырсыгы катталды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгилүү болгондой, окуя Сары-Чат тилкесинде 24-ноябрь күнү кечки саат 18:30дар чамасында болгон. Анда Субару Легаси унаасынын айдоочусу башкара албай калып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 1 эркек киши, 3 аял жана 1 кичинекей бала болуп, жалпысынан 5 адам болгон. Окуя болгон жерден жабыркаган 5 адамды тең "Тез жардам" кызматы алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан