Кыргыз-Казак чек арасында зыян тарткан ишкерлердин чыгымдары эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу SUPER.KG`ге экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.
"Эки өлкөнүн жетекчилиги сүйлөшүп түзүлгөн кырдаал жайына келди. Азыр атайын түзүлгөн топ эсептөө иштерин жүргүзүүдө. Бул бир-эки күндө бүтө турган жумуш эмес. Анткени маселе чечилгенине көп боло элек. Азыр да чыгым тартып кайрылгандар токтой элек. Жумушчу топ чыгымдарды чыгарган соң биз сөзсүз аны коомчулукка кабарлайбыз", - деди Сазбаков.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте туруп келген. Чек ара маселеси 2-декабрда Кыргыз-Казак чек арасы боюнча жол картасына кол коюлгандан кийин жолго салынган.