Таласта митингге чыккан эл 9-ноябрда жалпы өлкө боюнча элдик курултай өткөрүү чечими менен тарады. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына аталган митингдин уюштуруучуларынын бири Аманбол Бабакулов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, Таластагы бүгүнкү митингге 1000ге жакын адам катышкан.
"Митинг тынч өттү, эч кандай чагымчылдык иш-аракеттер болгон жок. Жергиликтүү бийлик тарабынан да эч кандай реакция болбоду. Эл "президент кечирим сурасын" деген талап коюшту, Алмазбек Атамбаев болсо өзүнүн аппарат башчысы аркылуу кечирим сурабастыгын билдирди.
Ага байланыштуу биз 9-ноябрда Бишкекте курултай өткөрмөй болдук. Бул жолу жеке эле Талас эли эмес жалпы кыргыз элинин курултайын өткөрөлү деп жатабыз. Учурда чек ара маселеси курч болуп турат. Орусияда болсо айдоочулук күбөлүктү кайрадан карап чыгып жокко чыгарабыз деген маселе көтөрүлүүдө. Мындай оор учурда эл өз маселесин өзү чечсин үчүн элдик курултай уюштурууну туура көрдүк", - дейт Аманбол Бабакулов.
Андан сырткары ал аталган митинг саат 13:30дарда башталып 16:00дөргө чейин созулганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн, 3-ноябрда Талас шаарында жергиликтүү тургундар нааразычылык митингине чыгышкан.