Түштүк Корея президенти Мун Жэ Ин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди. Ал бүгүн, 27-майда Сеул шаарында эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыктары боюнча атайын маалымат жыйын өткөргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, эки Корея лидерлери 26-майдагы жолугушуусунда негизги 2 маселе боюнча сүйлөшкөн. "Биринчи маселе Корей жарым аралын куралсыздандыруу болсо, экинчи маселе Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын 12-июнга белгиленген жолугушуусу тууралуу сүйлөшүлдү", - деп жазышат басылмалар. Ошондой эле 27-апрелдеги алгачкы жолугушууда кабыл алынган декларацияны ишке ашырууну тездетүү маселеси да каралган.
"Ким Чен Ын Корей жарым аралын куралсыздандырууга кызыкдар. Ошондой эле ал 12-июнда Дональд Трамп менен жолугууну пландоодо жана АКШнын суук мамилесине тынчсызданууда. Трамп менен Ындын жолугушуусу ийгиликтүү аяктаса, Түштүк Кореянын катышуусунда кайрадан 3 тараптуу саммит өтүшү мүмкүн. Анда Корея согушунун аяктагандыгы тууралуу документке кол коюлат", - деп билдирген Мун Жэ Ин.