Интернетке тараган наристени тепкилеп, бычак менен коркуткан видео Кыргыз өлкөсүндө тартылган эмес. Бул окуя ушул жылдын 1-майында Перуда болгон.
Ур-тепкиден улам наристе каза болгон. Аны тепкилеп жаткан апасы болсо, видеого тарткан атасы болгон.
Маалыматка ылайык, окуя Перунун өтө чоң эмес Юнгайо шаарында болгон. Анда 10 айлык наристенин ата-энеси аймактык полиция кызматкерлерине ымыркай катуу оорудан улам ооруканага жетпей каза болуп калганын айтып, өлүкканага алып барууга тийиштүү кагазды сурап барышкан. Полиция кызматкерлери тийиштүү кагаздарды аныктап жатып алгачкы суракта жаш ата-энени баланын өлүмүнө шектүү катары аныкташкан. Окуя тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн полиция жубайларды кармап, толук суракка алган. Ошол эле учурда Перуда наристенин сабалган видеосу тарап, сурактагы жаш жубайлар анын өлүмүнө шектүү катары камакка алынганы жазылат маалыматта.
Эске салсак, жакынкы күндөрү социалдык тармактарда келин болжол менен 3 жарым жаштагы наристени сабап жатканы тартылган тасма тараган. Тасмада алгач келин керебеттин үстүндө жаткан жаш баланы ичке бир нече жолу тынымсыз тепкилейт. Андан кийин колуна алып, дубалга бир жолу урат. Наристени полго түшүрүп, белгисиз буюм менен бир жолу чаап, бычак менен коркутуп жатканда жанындагы киши келинди токтотуп калат. Ал эми Ички иштер министрлигинен аталган видео Кыргыз өлкөсүндө тартылганын же тартылбаганын иликтеп, бул боюнча коңшу Казакстан мамлекети да иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.