Социалдык тармактагы эң көп колдонулган Instagram тиркемесинин иштөөсү бир нече саатка үзгүлтүккө учурады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Instagram социалдык баракчасы АКШ, Европа, Чыгыш Азия, Япония, Орусия, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүндө да үзгүлтүккө учураган. Мындай билдирүүнү популярдуу тиркеменин колдонуучулары тараткан. Бул билдирүүдөн кийин интернет-ресурстардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн Downdetector сервиси изилдөө жасаган. Ага ылайык, колдонуучулардын 49 пайызы тиркемеге кире алган эмес. Ал эми 40 пайызы Instagram баракчасындагы жаңылыктарды жаңылай алган эмес.