Батыш Европанын эң бийик чокусунда Кыргыздын желеги желбиреди

Кыргыздын желеги Батыш Европанын эң бийик чокусунда желбиреди. Бул тууралуу чокуну багындырган альпинист Нарынбек Насыровдун досу Темирлан Жусупов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны Нарынбек Насыров 9-июнда Батыш Европанын эң бийик чокусу саналган Монбланды багындырган.

"Насыров бул чокуга чыккан алгачкы Кыргыз. Ал 3 күндүк атайын даярдыктан кийин чокуга өз алдынча беш саатта чыкканга жетишти. Чокуну багындырган соң Нарынбек Насыров Кыргыздын желегин "Tete rousse" базасына илди", - дейт Жусупов.

Ошондой эле Насыров Швейцариянын Женева шаарында жашап, эмгектенерин жана ал көп жылдан бери альпинизм менен машыгарын Жусупов кошумчалады.

Франция менен Италиянын чек арасында жайгашкан Монблан чокусунун бийиктиги 4 миң 810 метрди түзөт.

Монблан чокусун багындырган Кыргыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ruslan4458
2018-06-11 17:56:22
Молодец
+11
salimbek87.kg
2018-06-11 18:02:03
Азаматтсын тууган кыргызымдын желегин мындан да бийик чоокуларда желбирете бер
+12
Meni_unut
2018-06-11 18:28:36
Соонун жанылык!!! Азамат!!!Кыргызымдын желеги ар дайым ушундай бийиктиктерде желбирей берсин!!!
+7
a.sheralievic.91
2018-06-11 20:26:23
Азамат,
Чоку болот тоолордун бийик жери
Чокудай бол кыргыздын жигиттери
+4
Medina87
2018-06-12 00:39:44
Чет жакта жургондуктон КРнын ар бир ийгилигин оз ийгилигимдей кабыл алам.
Бар бол Кыргыздын азаматы!!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан