Дубайда Орозо айындагы эң масштабдуу ооз ачар уюштурулуп, ал "Гиннесстин рекорддор китебине" киргенин чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, ооз ачарда даярдалган столдун узундугу 6 чакырымга жеткен. Ооз ачарга дүйүм тамактар менен даярдалган стол дүйнөдөгү эң узун дасторкон столу катары рекорд койду.
Ифтар Дубайдын полициясы тарабынан уюштурулган. Кайрымдуулук мүнөздө өткөн ооз ачарга 12 миң 830 адам катышкан. Ага Индия, Шри-Ланка, Пакистан, Кытай, Филиппин жана башка Азия өлкөлөрүнөн коноктор келген.
Ал эми тамак-аштарды даярдоону 35 ресторан жана мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер ыктыярдуу түрдө колго алган. Иш-чараны өткөрүү үчүн уюштуруучулар 8 сутка даярданышкан.