Гол! Кыргыз-БАЭ беттешинде БАЭ эсепти 1:2 кылып кетти.
Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалындагы оюндар уланууда. Азыркы тапта Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы менен БАЭ курамасы беттешип жатат.
Биринчи голду 14-мүнөттө БАЭнин футболчусу Хамис Эсмаил киргизип эсепти 1:0 кылды. Андан соң 26-мүнөттө Мирлан Мурзаев атаандашынын дарбазасына гол киргизип эсепти теңей алды. Экинчи таймда БАЭ курамасы топко ээлик кылып, 64-мүнөттө футболчу Али Мабхут киргизген гол менен эсеп 1:2 болду. 78-мүнөттө Хамис Эсмаилдин голунда калыс офсайдды байкап калды.