Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы кечээ, 21-январда Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында БАЭ курамасы менен беттешип жеңилүү ызасын тартып калды. Абу-Даби шаарында орун алган беттеш 2:3 эсеби менен аяктап, кыргыз футболчулары мелдештен четтеп калды.
Азия футбол конфедерациясы билдиргендей, Азия Кубогуна катышкан командалар акчалай сыйлыкка ээ болушат. Кыргыз курама командасы дагы сыйлыкка ээ болот. Кыргыз улуттук курамасына мелдешке катышкандыгы үчүн 200 миң доллар сыйлык тапшырылат.
Мындай сыйлыкка Азия Кубогуна катышкан 20 команда ээ болсо, мелдештин жарым финалына чыккан командалар 1 миллион доллардан алышат. Ал эми финалга чыгып 2-орунду ээлеген команда 3 миллион доллар жана Азия Кубогунун жеңүүчүсү 5 миллион доллар акчалай сыйлык алат.