Бүгүн, 1-февралда футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык беттеши орун алды. Бириккен Араб Эмираттарында өткөн мелдеште Япония менен Катар курама командалары кездешти.
Беттештин жүрүшүндө Катар курама командасы өзүн мыкты көрсөтүп, 1:3 эсебинде жеңишке жетти. Оюндун 11-мүнөтүндө Алмоез Али эсепти ачып, өзүнүн эсебинде Азия Кубогундагы 9-голду жазды. 26-мүнөттө Азиз Хатим алыстан сокку узатып, дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Эсеп 0:2. 2-таймдын ортосунда Япония курамасы эсепти 1:2 кылганга үлгүрсө, таймдын аягында Катар курама командасы пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алып, аны ийгиликтүү аткарышкан.
Муну менен Катар курама командасы жеңишке жетип, Азия Кубогунун чемпиону болду.