Борбордук "Ала-Тоо" аянтында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын Азия Кубогуна катышкандыгына жана аларды БАЭден тосуп алууга арналган концерттик, жолугушуу иш-чарасы өтүүдө. Учурда сахнадан патриоттук ырлар аткарылып, футболчулардын келиши күтүлүүдө. Аянтка Бишкектин тургундары жана коноктору толо чогулду. Иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон бир катар өкмөт өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.