21-январда Азия Кубогунун жарым чейрек финалында Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасы менен беттешкен. Бул оюн БАЭнин пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Бирок оюндун жүрүшүн көргөн кыргыз футбол күйөрмандары андагы калыс Фу Мингге терс пикирлерин жазышууда. Муну менен катар эле интернет колдонуучулар #fumingshame (Фу Минг Уят) деген хэштегди жайылтууда.
Беттештин алгачкы бөлүктөрүндө калыстын талаа ээлерине тымызын тартып жатканы байкалганын бир катар күйөрмандар жаза баштаган. Бирок оюндун аяк ченинде калыстын ачык эле Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларына тарта баштаганын дээрлик бардык күйөрмандар көрүп, ага кыжырлануусун билдире башташкан.
Ал ортодо Фу Минг тууралуу маалыматтар интернетке тарады. Интернеттеги маалыматтар боюнча кытайлык калыс 36 жашта. Мындан тышкары анын буга чейин да бир катар оюндардагы калыстык кылуу аракети оюнчулардын нааразычылыгын жаратканы жазылууда.
"Фу Минг - улуттук федерация нааразы болгон калыстардын бири. 2017-жылы ал дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо турунда Сауд Арабиясы менен Таиланддын курама командасынын беттешинде калыстын милдетин алган. Оюн 1:0 эсебинде Сауд Арабиянын пайдасына жыйынтыкталган. Андан кийин Таиланддын футбол ассоциациясы калыска нааразы экенин билдирип, ФИФАга кайрылган. Бирок ФИФА Фу Мингдин чечимин туура деп таап, ал акталган.
2016-жылы Сузуки кубогунда Вьетнам менен Индонезия футболдук курама командаларынын беттешинде калыс болгон. Анда ал Вьетнам оюнчуларынын дарбазасына пенальти берип, бирок аны кайра жокко чыгарып койгондугу менен футбол күйөрмандарынын эсинде калган", - деп жазылат маалыматтарда.
Жалпылап айтканда, кайсы бир жагдайда БАЭнин футболчуларын Азия Кубогунан чыгарбай туруу оюнду уюштуруучуларга пайда деген пикирлер көп. Анткени талаа ээлеринин мелдештерге катышып туруусу жергиликтүү күйөрмандардын стадионго толуп турушун камсыздайт. Мындан улам АФКнын жетекчилери спорттон мурда саясатты бийик коёт деген пикирлер арбын. Өз кезинде футбол боюнча Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин калыс Фу Мингдин жумушун сындабай турганын билдирди.
Футбол боюнча Кыргыз курама командасы менен БАЭнин курамасы ортосундагы беттештин хронологиясын бул шилтемеден окуңуз.