Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бакыт Шаршембиев отставкага кетти

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (95 материал)

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бакыт Шаршембиев отставкага кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда белгилүү болду.

Маалыматты Шаршембиев тастыктап, арызын бүгүн жазганын билдирди.

"Ээлеген кызматтан кетүү өзүмдүн чечимим болду. Арызга президент кол коюшу керек. Азырынча коюла элек" деди ал.

17-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өткөн. Анда "Мегакомдун" директору Акылбек Жамангулов премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев өкмөттө 3-4 жолу, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде бир жолу чогулуш өткөргөнүн айткан болчу.

Депутат Алмазбек Баатырбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевден "Сиз Рысалиевдин жыйын өткөрүшүнө кантип жол бердиңиз?" деп сураган.

Шаршембиев жыйынды Рысалиев өткөрбөгөнүн айтып, ал өзү келгенин билдирди. "Баласы Эрназар Иманкадыр уулу аталган компанияда иштеген үчүн жыйынга келген. Жыйынды Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети уюштурган", - деген Шаршембиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан