Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы болуп Көкүмбек Таштаналиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта брифингде өкмөттүк аппараттын Агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Жээналиев билдирди.
Анын айтымында, Көкүмбек Таштаналиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен дайындалды. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер жана Суу ресурстары боюнча эки башка мамлекеттик агенттиктер түзүлгөн.