Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен кызматтан бошотуу боюнча арыз жазды. Бул кызматка анын орун басары Алтынбек Торутаев дайындалды.
Оңолбеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп 2018-жылы май айынан тарта иштеп келген.