Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова Монголияга дагы элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Канайым Бактыгулова 1973-жылы туулган. Эмгек жолун 1996-1997-жылдары Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт кызматынан баштаган. Андан соң Африка, Тынч океан жана Азия өлкөлөрү башкармалыгында атташе болгон. 2013-жылдын май айында Кыргыздын Кытайдагы элчиси, ага кошумча 2014-жылы Монголиядагы элчиси болуп дайындалган.
Быйыл январь айында Бактыгулова Кыргыз мамлекетинин Кытайдагы элчиси болуп дайындалган.