Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев отставкага кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өзү билдирди.
Анын айтымында, ал ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович 1975-жылы 3-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сакалды айылында туулган.
Билими жогорку. Ош технологиялык университетин аяктаган.
Эмгек ишмердиги:
1997-1998-жылдары – Кочкор-Ата шаардык рыногу, даярдоочу;
1998-1999-жылдары – Жалал-Абад облусунун "Агро-Эсеп" аудитордук фирмасынын алдынкы адиси;
1999-2000-жылдары – "Ош-Эсеп" ишканасы, аудитор;
2000-жылы – "Мур-Ашим" Айыл чарба кооперативинин жетекчиси;
2000-2010-жылдары – "Лиматекс пахта корпорациясы" ишканасы, бөлүм жетекчиси;
2010-жылы – Жогорку Кеңештин депутаты;
2010-жылы – Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин орун басары;
2016-2019-жылдары – Айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай министри.