Санжарбек Эркинбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин бул кызматты Тимур Шабданбеков аркалап келген. Ал УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси болуп 2019-жылдын 1-мартта дайындалган. Учурда Шабданбеков башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызмат ордунан бошотулду.
Белгилей кетсек, Санжарбек Эркинбаев буга чейин 9-кызматтын башчысынын орун басары, Улуттук гвардиянын №714 аскер бөлүгүнүн командири болуп иштеген.