Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине философия илимдеринин кандидаты, доцент Мира Жангарачева директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Бүгүн, 19-июнда Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине жаңы директор дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жамангулов кол койду. Мира Жангарачева музейдин жалпы жамааты менен таанышты", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. 28-майда Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулган.
Мира Жангарачева 1952-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Андан кийин М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде билим алган.
Эмгек жолу:
1974-1992-жылдары - Фрунзедеги политехникалык университетинде окутуучу, кафедра башчысы, декан;
1992-1995-жылдары - Бишкек шаардык социалдык маселелер боюнча вице-мэри;
1995-1996-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты;
1996-1997-жылдары - Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер министри;
1997-1998-жылдары - Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын социалдык маселелер бөлүмүнүн башчысы;
1998-1999-жылдары - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министри;
1999-2000-жылдары - Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
2000-2015-жылдары - Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын социалдык маселелер боюнча менеджери.