Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна төрага дайындалды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, бул кызматты Азиз Аалиев аркалайт.
Азиз Аалиев 2019-жылы июль айынан баштап Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкаруучуларынын мүчөсү болуп келген. Буга чейин өкмөттүн каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы, Экономика министрлигинде статс-катчы болуп иштеген.
Фонддун мурдагы төрагасы Эркин Асрандиев вице-премьерлик кызматка көрсөтүлгөн. 5-февралда Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Асрандиевдин талапкерлигин жактырган. 6-февраль күнү президенттин жарлыгы чыгып, Асрандиев вице-премьер болуп дайындалган.