Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси, Эрмек Ибраимов Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчиси болуп дайындалышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.