Бүгүн, 1-октябрда Нарын шаарынын мэри шайланды. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, үч талапкердин ичинен Нурбек Молдокадыров 25 депутаттын добушу менен тандалып алынды. Жалпысынан шайлоодо 31 депутат катышып, добуш берүү жашыруун жүрдү.
Буга чейин Нурбек Молдокадыров Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун акими болуп иштеп келген.