Ренат Түлөбердиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн, 21-августта кабарлады.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгону жазылат маалыматта.
Ренат Түлөбердиев аталган кызматка 2017-жылдын декабрь айында дайындалган.