Бүгүн, 2-октябрда парламент Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевди жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин колдоду.
Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Курмантай Абдиев 2019-жылдын 1-октябрында 70 жашка толду. Мыйзамга ылайык, судьялар үчүн жаш курагынын чеги 70 жаш.