Валентина Шевченко чакырык таштаган Генри Сехудого жооп кайтарды

UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченкого мырзалар тарабынан чакырык ташталды. Тагыраагы, чакырыкты аталган уюмдун мушкери Генри Сехудо 2 жолу таштаган.
Мындай билдирүүдөн кийин коомчулук кыргыз мушкеринин Генри Сехудого жооп кайтарышын чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Кечээ, 13-августта Ариэль Хельвани аттуу журналист Валентина Шевченко менен видео чалуу аркылуу сүйлөшкөнүн, Генри Сехудонун чакырыгы тууралуу жооп алганын далилдеген тасманы социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды. Анда Валентина Шевченко эркек мушкердин чакырыгына таң калбаганын, тескерисинче анын чакырыгы абдан күлкүлүү болгонун айткан. Ошондой эле мушкер Генри Сехудодон мелдешке чакыруу эмес куттуктоо сөзүн күткөнүн жашырган эмес.
“Сехудо мени жеңишим менен куттуктайт го деп ойлогом. Бул чакырыктан кийин ал менин чыныгы атаандашыма айланды”, - деген Шевченко.
Мындан сырткары Валентина Шевченко адам каалоолорунун курмандыгы болбошу керек экенин жана ага чакырык таштаган мушкер бир күнү бардык алтындарынан кол жууп калышы мүмкүн экенин эскертип өткөн.
Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 турниринде америкалык Лиз Кармушту жеңгени үчүн 260 миң доллар акчалай сыйлык менен сыйланганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 110 миң доллар турнирге катышканы үчүн, 110 миң доллар жеңиши үчүн жана 40 миң доллар белгилүү спорттук фирманы жарнама кылганы үчүн алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Krasnoebeloe
2019-08-14 10:29:14
Жатышкан дегенди туура жазгыла 2чилер
+3
aerforce
2019-08-14 10:57:54
Генри жолук салып ал эми
+2
rysik79
2019-08-14 11:01:49
Беттешти уюштуруп бирок Генриге тепмей жок кылыш керек. Валя ошондо айрат.
+4
salimbek87.kg
2019-08-14 12:11:36
Өлгөн экен кыз балага чакыруу таштап осурак десе.
+5
munduz2016
2019-08-14 13:20:40
Дабдыр го
+1
Samatalibei
2019-08-14 15:15:07
Эркектерден коркуп аялдарга чакырык таштап эмнеси же кандай аялдар менен урушкусу келген ошончолук алсыз эркекби бул.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан