Оңолбек Каныбек уулу волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунда “Мыкты оюнчу” деп табылды (өмүр баяны)

24-августта Непалда өткөн волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунда кыргыз волейболчулары финалда жеңишке жетишти. Аталган оюнда Кыргыз өлкөсүнүн волейболчусу Оңолбек Каныбек уулу "Мыкты оюнчу" деп табылды.

Оңолбек Каныбек уулу 1991-жылы 17-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн. Союз ураган учурда төрөлгөндүктөн ата-энеси “заман оңолсун” деген ырым менен спортчунун атын Оңолбек койгон. Оңолбек башкалардан боюнун узундугу менен дагы айырмаланат. Шыңга бойлуу волейболчунун бою 196 сантиметр болсо, салмагы 98 килограммды түзөт.

Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунун “Мыкты оюнчусу” наамынын ээси, Борбордук аймактын тандоо турунун “Мыкты оюнчусу”, Дүйнө чемпиондугунун 2-тандоо турунун “Мыкты оюнчусу” наамдарына ээ болгон. 2016-жылы "Жаңы муун" командасынын курамында өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, Ысык-Көл оюндарында жана Республикалык спартакиадада алтын медалды багындырган. 2017-жылы Кыргыз өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланган. Бул тизмеге Азия чемпиондугунда алган "Мыкты оюнчу" наамындагы сыйлыкты дагы кошсок болот.

Үй-бүлөдө 7 бир тууган, үч агасы, эжеси жана эки иниси бар. Ата-энеси учурда ардактуу эс алууда. Буга чейин атасы жеке ишкер болсо, апасы эсепчи кызматында иштеген. Оңолбектин үй-бүлөсү спортко жакын. Атасы учурунда жаштар курама командасында баскетболчу болсо, апасы жеңил атлетика менен машыгып келген.

Оңолбек Каныбек уулу тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, "Супер-Инфого" берген маегин ушул шилтемеден окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elb_2121
2019-08-26 11:04:51
Азаматтсынар жигиттер сыймыктансак болот
+7
Altyn.bala
2019-08-26 11:26:59
Нукура кыргыз жигити
+6
jemile
2019-08-26 12:27:32
Баардык валейболчуларды
чыгаргылачы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан